ОшМПУнун студенттери “Ош-Тазалык” кызматкерелерине жардам беришти
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин социалдык иш адистигинин студенттери Эл аралык карылар күнүнө карата «Ош-Тазалык» кызматкерлерине көмөк көрсөтүштү.
Иш-чаранын алкагында студенттер майрамдык маанай тартуулоо максатында “Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасынын ардагерлерине колдоо көрсөтүп, таңкы саат 05:00дөн тартып шаарды тазалоо иштерине катышышты.
Белгилей кетсек аталган саамалык студенттерге коомдук жоопкерчиликти түшүнүүгө шарт түзүү, жана улуу муунга болгон сый-урматын арттырууга багытталды
Жаңы комментарий кошуу