ОшМПУнун “БӨБӨКТАЙ” БАЛДАР БАКЧАСЫ КЕЗЕКТЕГИ БҮТҮРҮҮЧҮ БӨБӨКТӨРҮН УЯДАН УЧУРДУ

Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин “Бөбөктай” мектепке чейинки билим берүү мекемесинде “Кош бол, бакча” аталышында даярдоо тайпасынын бүтүрүү кечеси болуп өттү.

Майрамдык иш-чарага университеттин окуу иштери боюнча проректору Каныбек Раимбеков баштаган окутуучулар, ата-энелер жана тарбиячылар катышты. Кечеде “Илим” тайпасынын тарбиялануучулары бир жыл ичинде үйрөнгөн билим-билгичтиктерин көрсөтүшүп, ыр-бийлерди аткарып, хор ырдап, концерттик программа койду. Ошондой эле ата-энелери менен биргеликте кызыктуу бийлерди тартуулашты.

Кеченин жүрүшүндө бүтүрүүчү бөбөктөргө дипломдор тапшырылып, аларга мектеп босогосун ийгиликтүү аттоого каалоо-тилектер айтылды. Бала бакчанын жетекчиси Айжамал Халмурзаева бөбөктөрдүн жетишкендиктери менен сыймыктанарын белгилеп, бүтүрүүчүлөрдүн бир бөлүгү Ош жана Бишкек шаарларындагы алдыңкы мектептердин маектешүүлөрүнөн ийгиликтүү өткөнүн айтты. Жыйынтыгында ата-энелер сөз сүйлөп, балдарына тарбия жана билим берген бакчанын жамаатына ыраазычылык билдиришти.

Белгилей кетсек, учурда “Бөбөктай” бала бакчасында жалпы 260 бала тарбияланып, 10 тайпа иш алып барат. Анын ичинен 2 тайпа даярдоо тайпасы болуп саналат. Быйыл даярдоо тайпасын жалпы 54 бөбөк аяктап жатат.