ОшМПУ–2026: Ак жол сага, бүтүрүүчү!
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде бүтүрүүчүлөрдү салтанаттуу узатуу аземи өткөрүлдү.
Майрамдык иш-чарага университеттин ректору Бекмурза Зулуев баштаган профессордук-окутуучулук курам, факультеттердин декандары, бүтүрүүчүлөр, алардын ата-энелери жана жакындары катышты.
Салтанаттын жүрүшүндө окуу жайдын жетекчиси бүтүрүүчүлөрдү окууну ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, келечектеги кесиптик жолуна ийгиликтерди каалады. Ошондой эле жаш муундарды тарбиялоо жана билим берүү тармагында татыктуу эмгектенип, өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымын кошууга чакырды.
Иш-чаранын алкагында окуудагы жетишкендиктери, коомдук иштердеги активдүүлүгү, илимий, маданий жана спорттук иш-чаралардагы ийгиликтери менен өзгөчөлөнгөн студенттер университеттин Ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.
Майрамдык кече бүтүрүүчүлөрдүн коштошуу программасы жана таланттуу студенттердин концерттик номерлери менен улантылып, катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулады.
Урматтуу бүтүрүүчүлөр, сиздерге кенен келечек, кесиптик ийгиликтер жана ак жол каалайбыз!
Жаңы комментарий кошуу