СПАРТАКИАДА ТОГУЗ КОРГООЛ ОЮНУ МЕНЕН УЛАНУУДА

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде профессордук-окутуучулук курам жана кызматкерлер арасында уюштурулган кышкы спорттук спартакиада соңку баскычка жакындап, ага ылайык бүгүн тогуз коргоол оюну боюнча мелдеш өтүүдө.

Факультеттер аралык өткөрүлүп жаткан мелдешке катышкан командалар улуттук акыл оюнунда өздөрүнүн логикалык ой жүгүртүүсүн, стратегиялык даярдыгын жана чыдамкайлыгын көрсөтүшүүдө. Тогуз коргоол командалык негизде ойнолуп, оюндар жогорку деңгээлде жана атаандаштык маанайда өтүп жатат.

Белгилей кетсек, тогуз коргоол — кыргыз элинин эзелтеден бери келе жаткан улуттук интеллектуалдык оюну болуп, анда алысты көрө билүү, бир нече жүрүштү алдын ала эсептөө жана так ойноо маанилүү. Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, мыктыларга тиешелүү сыйлыктар тапшырылат.