СПАРТАКИАДА: ТОГУЗ КОРГООЛДУН МЫКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде профессордук-окутуучулук курам жана кызматкерлер арасында уюштурулган кышкы спорттук спартакиада жогорку деңгээлде уланууда.

Ага ылайык, факультеттер аралык өткөрүлгөн тогуз коргоол оюну боюнча мелдеш жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Мында катышуучулар өздөрүнүн логикалык ой жүгүртүүсүн, стратегиялык даярдыгын жана чыдамкайлыгын жогорку деңгээлде көрсөтө алышты. Мелдеш швейцариялык система боюнча өткөрүлүп, жалпы 7 турдан турду.

Жекече эсепте 3-орунду гуманитардык факультетинин окутуучусу Канатбек Казакбаев, 3-орунду табият таануу жана география факультетинин окутуучусу Нурайым Аматова, 2-орунду Кыргыз-Россия факультетинин окутуучусу Орозгүл Кудайберди кызы, ал эми 1-орунду Администрация бөлүмүнүн кызматкери Жээнгүл Бекназарова багындырды.

Ал эми командалык эсеп боюнча 4-орун — гуманитардык факультетине, 3-орун — табият таануу жана география факультетине, 2-орун — Кыргыз-Россия факультетине, ал эми 1-орун — Администрация бөлүмүнө ыйгарылды.

Башкы калыс Болот Эрбатыровдун айтымында, быйылкы оюндар мурдагы жылдарга салыштырмалуу курч атаандаштыкта өтүп, айрым оюнчуларда эмоциялык чыңалуу да байкалган. Ошондой эле катышуучулардын оюн темпи бир кыйла өскөнү белгиленди.

Бардык жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз!