Спартакиада: Эжекелер ортосундагы волейбол мелдеши жыйынтыкталды

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде өтүп жаткан факультеттер аралык профессордук-окутуучулук курам жана кызматкерлер арасындагы спартакиаданын алкагында эжекелер арасында волейбол мелдеши жыйынтыкталды.

Оюн жогорку деңгээлдеги даярдык, кызыктуу таймаш жана күйөрмандардын кызуу сүрөөнү менен коштолду. Ар бир команда жеңиш үчүн болгон күч-аракетин жумшап, спорттук чеберчиликтерин көрсөтүштү.

Жыйынтыгында 3-орунду гуманитардык факультети, 2-орунду Кыргыз – Россия факультетинин эжекелери камсыздаса, ал эми 1-орунду табият таануу жана география факультетинин командасы багындырды.

Белгилей кетсек, аталган спартакиада окутуучуларды жана кызматкерлерди сергек жашоо образына үндөө, спортко кызыгууну арттыруу жана жамаат ичиндеги ынтымакты бекемдөө максатын көздөйт.

Жеңүүчүлөрдү чын дилден куттуктайбыз!