ТОКТОКАН ОСЕКОВАНЫН 70 ЖЫЛДЫК ЮБИЛЕЙИНЕ АРНАЛГАН “СЕРЕП” ДИЛ МАЕК ПРОГРАММАСЫ ӨТТҮ
Көп жылдык үзүрлүү эмгегин, билимин жана тажрыйбасын Ош мамлекеттик педагогикалык университетине жана жаштарга арнаган ардактуу окутуучу, колледждин мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы Токтокан Осекова быйыл 70 жашка толду. Анын урматына окуу жайда юбилейлик салтанат уюштурулуп, эжеке “Сереп” дил маек сериясынын коногу болду.
Иш чарага университеттин ректору Бекмурза Зулуев баштаган жетекчилер жана окутуучулар жамааты, каарманыбыздын үй-бүлөсү, жакын замандаштары, кесиптештери жана студенттери катышты.
Программанын жүрүшүндө алгач куттуктоо сөздөрү сүйлөнүп, юбилярдын 70 жашы менен кызуу куттукташып, ага бекем ден соолук, бакубат жана бактылуу жашоо каалашты. Аны улай катышуучулар Токтокан Осекованын педагогикалык багыттагы 50 жылдык эмгек жолуна сереп салып, мугалимдик кесипке кошкон салымы, адамдык аруу сапаттары жана коомдогу орду тууралуу өз пикирлерин ортого салышты.
Дил маектин жүрүшүндө коноктор эжекеге байланыштуу жагымдуу эскерүүлөрү менен бөлүшүп, анын турмуш жолундагы унутулгус учурларын эске салышты. Бул менен бирге Токтокан Осекованын жөнөкөйлүгү, жоопкерчиликтүүлүгү жана адамгерчилиги тууралуу жылуу пикирлерин билдиришти.
Иш-чара ак элечек кийген эжекелердин жандуу ыр аткаруусу жана уюштуруу топ тарабынан сунушталган жагымдуу обондор менен коштолуп, программанын кийинки бөлүгү студенттер тарабынан берилген кызыктуу жана ар тараптуу суроолор менен коштолду. Токтокан Качыбековна суроолорго так жана таасирдүү жооп берип, мыкты суроолорду узаткан студенттерге ыраазычылык билдирип, белектерди тапшырды.
Осекова Токтокан Качыбековна - өз доорунун жаратманы, мугалимдик кесиптин бийик үлгүсүн көрсөткөн, агартуучулук кесипти ак дили менен аркалап келе жаткан акылга дыйкан кеменгер жан. Ал 1956-жылы 4-январда Кара-Кулжа районунун Алайкуу жергесинде Көк-Арт айылында, интеллигенттин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Жети бир туугандын улуусу болгон Токтокан эжекебиз үй-бүлөдө жоопкерчилик менен лидерлик сапаттарды эрте калыптандырган. Токтокан Качыбековна – жөн гана педагог эмес, ал илимий-усулдук иштин өнүгүшүнө зор салым кошкон чыгаан усулчу.
Жаңы комментарий кошуу