Факультеттер аралык мелдештин жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 17 – ноябрь эл аралык студенттер майрамына карата өткөрүлгөн спорттук мелдештин жеңүүчүлөрү сыйланды.

Ага окутуучулар жана студенттер күбө болду. Мында ар бир факультеттен спорттун волейбол, шахмат, тогуз коргоол, теннис түрлөрү боюнча жеңүүчү аталган спортчуларга диплом жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды. Сыйлыктарды окуу жайдын Мамлекетик тил жана маданий иштери боюнча проректору Мунар Назымов тапшырды.

Белгилей кетсек, аталган саамалык КР Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы номер 369 Жарлыгына ылайык “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун негизинде жана окуу жайдын 100 жылдыгына карата жаштар арасында мыкты спортчуларды аныктоо максатында дене-тарбия факультети, профсоюз комитети жана жаштар комитети тарабынан уюштурулган.

Жыйынтык:

Волейбол (балдар ортосунда)

1-орун Дене тарбия

2-орун Гум.фак

3-орун Колледж

Волейбол (кыздар ортосунда)

1-орун Гум.фак

2-орун Колледж

3-орун ТТжГФ

Шахмат оюну боюнча

1-орун МжГТФ

2-орун Гум.фак

3-орун ТТжГФ

Тогуз коргоол оюну боюнча

1-орун Колледж

2-орун ТТжГФ

3-орун Гум.фак

Теннис оюну боюнча

1-орун Гум.фак

2-орун Муз.пед.фак

3-орун Дене тарбия