ЭКСТРЕМИЗМ ЖАНА ТЕРРОРИЗМГЕ БӨГӨТ КОЮУ БОЮНЧА СТУДЕНТТЕРГЕ ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде террористик көрүнүштөрдүн алдын алуу, диндер аралык кастыкты козуткан кылмыштарга жол бербөө максатында семинар өткөрүлдү.

Иш-чаранын коноктору дин комиссиясынын өкүлдөрү Ахматбек Оморов жана Иляз Маматкаримов болуп, ага студенттер күбө болушту. Жыйында дин тутуу эркиндиги , укуктар жана милдеттер, улуттар аралык мамилелерди чыңдоо жана чыр-чатактарды болтурбоо, жаштардын диний жактан экстремисттик жана террористтик уюмдарга мүчө болуусуна жол берөө маселелери каралып, студенттерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Аталган саамалык “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө”, "Экстремизм каршы күрөшүү жөнүндө", "Терроризмге каршы күрөшүү жөнүндө" мыйзамдарынын негизинде уюштурулду. Эскерте кетсек, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жана бул сыяктуу жолугуушулар тиешелүү кызматтар менен биргеликте окуу жайыбызда дайыма өтөкөрүлүп келет.