“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик”: ОшМПУда улуттук насааткерлер менен жолугушуу өттү
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде улуттук насааткерлер менен жолугушуу иш-чарасы өткөрүлдү.
Саамалык Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрында кабыл алынган №369 “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жарлыгынын алкагында уюштурулду. Ага улуттук насааткер, т.и.д., профессор, этнограф Кайыпов Сулайман Турдуевич жана улуттук насааткер, журналист Шахзада Абсаматова, т.и.д., профессор Балтагул Нурунбетов, т.и.к., доцент Абдимиталип Мырзакметов, ОшТУнун проректору п.и.д. Ашим Зулпуев, университеттин окуу иштери боюнча проректору Каныбек Раимбеков баштаган жогорку окуу жайлардын окутуучулары, профессорлор жана студенттер катышты.
Мында алгач Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын жана Ош шаардык “Жаштар” театрынын чыгармачыл жамааты тарабынан улуттук рухту даңазалаган сахналык көрүнүш көрсөтүлүп, иш-чарага өзгөчө маанай тартуулады.
Андан соң жолугушуунун негизги коноктору — улуттук насааткер, тарых илимдеринин доктору, профессор, этнограф Сулайман Кайыпов улуттук насааткер, журналист Шахзада Абсаматова уңгужол жарлыгынын маңызы тууралуу кеңири маалымат беришти.
Сулайман Турдуевич өз сөзүндө аталган жарлыктын тарыхына токтолуп, “улуттук дем” жана “дүйнөлүк бийиктик” түшүнүктөрүнүн маңызын жатык, жөнөкөй тилде чечмелеп берди. Ал уңгужолдун негизги таянымдары жашоодо колдонулушу керектигин белгилеп, “Уңгужол жазылды, эми аны ишке ашыруу — силердин, жаштардын колунда. Улутка дем боло турган күч — силерсиңер”- деп баса белгиледи.
Ал эми журналист, улуттук насааткер Шахзада Абсаматова жарлыкты коомчулукка кеңири жеткирүү, түшүндүрүү иштери учурда санарип форматта, онлайн уктуруулар жана WhatsApp тайпалар аркылуу активдүү жүргүзүлүп жатканын айтты. Анын айтымында, уңгужолдо Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгү, унитардык жана демократиялык түзүлүшү, мамлекеттик символдор, улуттук иденттүүлүк так көрсөтүлгөн.
“Бүгүнкү негизги максат — кыргыз жарандары улуттук сыймык деген эмне экенин терең түшүнүшү керек. Ал эң оболу тилден, маданияттан, каада-салттан, макал-лакап сөздөрдөн башталат. Биз ата-бабадан калган айкөлдүк сапаттарды, бири-бирибизге болгон урматты, ынтымакты кайрадан жандандырышыбыз зарыл”, — деди ал.
Иш-чаранын жүрүшүндө улуттук баалуулуктарды сактоо, тил маданиятын көтөрүү, тарыхый эс тутумду жандандыруу жана жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо маселелери кеңири талкууланды. Соңунда конокторго жана уюштуруучуларга ыраазычылыктар айтылып, жолугушууну өткөрүүгө салым кошкон тараптарга эстелик белектер тапшырылды.
Ошондой эле студенттер тарабынан аталган жарлыктын алкагында кыскача презентациялар жасалып, жаштардын темага болгон кызыгуусу жана жигердүү катышуусу байкалды. Бул жолугушуу “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун жаштар арасында жайылтууга, аны турмушта колдонууга багытталган маанилүү аянтча болду.
Белгилей кетсек, иш-чара Ош шаардык мэриясынын колдоосу менен Ош технологиялык университети, Ош мамлекеттик университети, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети жана Ош мамлекеттик педагогикалык университети тарабынан биргелешип уюштурулду.
Жаңы комментарий кошуу