Бүгүн, 19-октябрда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин гуманитардык факультетинде Социалдык коргоо жана кесиптик бирлик кызматкерлеринин күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү.
Саамалык аталган факультеттин социалдык иштер жана коомдук илимдер кафедрасы тарабынан уюштурулуп, салтанаттуу иш-чара социалдык тармакта эмгектенген адистердин коомдогу ордун даңазалоо, кесиптик биримдикти чыңдоо жана студенттердин социалдык жоопкерчилигин арттыруу максатын көздөдү.
Майрамдык салтанатты гуманитардык факультеттин деканы Нурбек Маткаримов, университеттин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жылкычы уулу жана социалдык иштер жана коомдук илимдер кафедрасынын башчысы Гүлбурак Айтиева ачып, катышуучуларды кесиптик майрамы менен куттукташты.
Алар өз сөздөрүндө социалдык коргоо тармагынын коомдогу маанисине, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодогу кесиптик бирликтердин ордуна токтолушуп, бул багытта эмгектенген адистердин ишмердүүлүгү өзгөчө жоопкерчиликти, адамгерчиликти жана кесипкөйлүктү талап кыларын белгилешти.
Иш-чаранын маданий бөлүгү жагымдуу музыкалык чыгармалар менен коштолуп, студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды. Ошондой эле коомдогу актуалдуу социалдык маселелерди, адамдык баалуулуктарды жана өз ара колдоонун маанисин чагылдырган чакан сахналык көрүнүштөр көрсөтүлдү.
Салтанаттын жүрүшүндө кесиптик ишмердүүлүгүндөгү жигердүүлүгү, ак ниет эмгеги жана окуудагы жетишкендиктери менен айырмаланган бир катар окутуучулар жана студенттер ОшМПУнун кесиптик бирлик комитетинин жана факультет жетекчилигинин Ардак грамоталары менен сыйланышты.
Мындан тышкары иш-чаранын уюштурулушуна жана жогорку деңгээлде өтүшүнө кошкон салымы үчүн Социалдык иштер жана коомдук илимдер кафедрасынын тарбия иштери боюнча жооптуу окутуучусу Айзирек Курманбековага ыраазычылык билдирилди.
Майрамдык жолугушуу катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулап, социалдык адилеттүүлүк, ынтымак жана өз ара колдоо сыяктуу баалуулуктардын маанисин дагы бир ирет айгинеледи.
Жаңы комментарий кошуу