УНИВЕРСИТЕТТИН АЯЛДАР КЕҢЕШИ

Университеттин Аялдар кеңеши – жогорку окуу жайдын коомдук уюмдарынын бири катары билим берүү мекемесинде аялдардын ролун жана ордун чыңдоого, гендердик теңдикти илгерилетүүгө, социалдык жана маданий турмушту өркүндөтүүгө багытталган ишмердүүлүктү жүргүзөт. Кеңештин негизги максаты – аялдардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо, алардын чыгармачыл жана кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле коомдук турмушка активдүү катышуусун камсыздоо болуп эсептелет. Учурда университеттин аялдар кеңешин Токтосунова Гулчехра жетектейт.

Аялдар кеңеши университеттеги окутуучу-аялдардын, кызматкерлердин жана студент кыздардын демилгелерин бириктирип, ар кандай маданий, социалдык жана коомдук иш-чараларды уюштуруп келет. Мындан сырткары, кеңеш коомдук турмушта аялдардын статусун көтөрүүгө, ден соолук, үй-бүлө жана коомдук баалуулуктар темасындагы семинарларды, тегерек үстөлдөрдү өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурат.

Аялдар кеңешинин ишмердүүлүгү университет жамаатынын ынтымагын бекемдөөгө, аялдардын коомдук активдүүлүгүн арттырууга жана коомго үлгү боло турган баалуулуктарды жайылтууга багытталган. Кеңештин демилгелери аркылуу аялдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзүлүп, студенттик жана эмгек жамаатында биримдик менен колдоонун маданияты калыптанууда.