КАФЕДРА БОЮНЧА МААЛЫМАТ
“Социалдык иштер жана коомдук илимдер” кафедрасы Ош гуманитардык-педагогикалык университетинин түзүмдүк бөлүмү катары “Социалдык иш” адистерин чыгаруучу базалык кафедра болуп саналат. Бул багыттагы адистерди даярдоочу система өзүнө билим берүү, илимий таанып-билүү жана студенттердин практикалык ишмердүүлүгүн уюштуруу иштерин камтыйт.
Кафедранын тарыхы
Ош жогорку колледжинин 28-август 1997-жылдагы протокол №114.10.чечими менен Гуманитардык факультетти түзүлүп, факультетте 1996-жылы «540402» тарых адистиги боюнча кадрларды даярдоо жолго коюлган. Ошого байланыштуу жогорку квалификациялуу тарых адистиктерин даярдоонун окуу-усулдук талабына ылайык адистешүү багытын көтөрүү максатында Ош жогорку колледжинин ректорунун 2000-жылдын 1-сентябрындагы №115.10. буйругунун негизинде «Коомдук илимдер» кафедрасынын курамынан өз алдынча «Тарых жана укук таануу» кафедрасы аталып адистешүүгө багытталып, өз алдынча бөлүнүп чыккан. Алгачкы түзүлгөн мезгилде кафедраны т.и.к доцент Адилбаев Жумали Адилбаевич жетектеген. 2004-жылдын 24-февралда ОГПИнин рекорунун №07-02 буйругунун негизинде «Жалпы тарых жана коомдук илимдер» кафедрасы болуп түзулүп , кафедраныт.и.к доцент Малтаев Кенешбек Жумабаевич жетектеген. 2006-окуу жылынын 5-сентябрынан тартып кафедраны ага окуутуучу Б.М.Ураимов жетектеген. 2009-жылдын 29-августунда ОГПИнин ректорунун №07-02-90 /1 буйругунун негизинде адистештирүү багытында « Социалдык иштер жана коомдук илимдер» кафедрасы болуптүзүлүп, т.и.к.,доцент Сагынбай кызы Нурила жетектеп келген. 2015-жылы ОГПИнин ректорунун №07-02-90 /1 буйругунун негизинде кафедраны соц.и.к.Маткаримов.Н.Т. жетектеген.2019-жылдан тартып ОГПИнин ректорунун №07-02-90 /1 буйругунун негизинде кафедраны т.и.к.Р.З.Шарипова жетекеген. 2021-жылдан тартып ОшМПУнун ректорунун №07-02-90 /1 буйругунун негизинде кафедраны т.и.к.Р.Ж.Зулпуева жетектеген.2025-жылдан тартып ОшМПУнун ректорунун №07-01-33/2 буйругунун негизинде кафедраны т.и.к., Г.А. Айтиева жетектеп келет. Кафедра ОшМПУнун окуу илимий,административдик структуралык бөлүгү болуп саналат жана «Социалдык иш» адистиги боюнча кесиптик жогорку билим берүү программасын ишке ашырат. Кафедра 540200 «Социалык иш» адистигиндеги кадрларды даярдап чыгарат жана окуу жайдын бардык адистиктерин гуманиардык илимдер боюнча тейлөөчү кафедра катарында жана ошондой эле илимий –изилдөөчүлүк ишмердүүлүктү жүргүзөт. Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы жалпы 7, соц.и.к., декан Маткаримов Нурбек Төлөнбаевич, т.и.к. Айтиева Гулбурак Аскарбековна, т.и.к. Сагынбай кызы Нурила илимдин кандидаты 3, Исраилова Чолпон Абдигапаровна улук окутуучу магистр, Эргешова Бурулкан Маматкасымовна магистр,улук окутуучу, магистр 2, Курманбекова Айзирек Курманбековна окутуучу 1 жана Амирали кызы Венера лаборант 1 эмгектенет.
Кафедранын максаты:
- кафедралык дисциплиналар боюнча окуу-усулдук жана илимий-изилдөөчүлүк иштерди тиешелүү деңгээлде уюштуруу;
- студенттерге тарбия берүү иштерин жакшыртуу жана алардын жөндөмдүүлүктөрүн кеңейтүү;
- илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу;
- студенттердин илимий-практикалык ишмердүүлүктөрүн уюштуруу;
- жогорку деңгээлдеги адистерге талап кылынуучу кесиптик билим берүүнү камсыз кылуу;
- студенттердин тандоосун бекемдөө жана алардын инсандык-интеллектуалдык, нравалык таламдарын канаатандыруу;
- кафедранын профилдик илимий-изилдөө иштерин жакшыртуу ж.б.
“Социалдык иштер жана коомдук илимдер” кафедрасы “Социалдык иш” адистиги багытындагы жогорку “бакалавр” квалификациясын даярдайт.
Кафедра төмөнкү негизги дисциплиналар боюнча иш алып барат:
- социалдык иштердин теориясы жана тарыхы;
- социалдык иштердин технологиясы жана методикасы;
- үй-бүлө таануу жана гендердик саясат;
- калкты социалдык жактан коргоо жана камсыздоо укугу;
- социалдык консультация берүү;
- социалдык моделдештирүү жана долборлоо;
- чет өлкөдөгү социалдык иштер;
- социалдык иштердеги практикум;
- социология;
- социалдык этнография жана демография;
- социалдык иштердеги конфликтология;
- кыргызстандагы социалдык иштер;
- социалдык иштердеги жаштар проблемасы;
- социалдык иш адистигине киришүү;
- калктын түрдүү топтор менен иштөөдөгү социалдык иштердин тажрыйбасы;
- маданий эс алуу ишмердүүлүгүн уюштуруу;
- социалдык антропология;
- иш менен камсыз кылуу жана аны жөнгө салуу;
- социалдык иштердеги менеджмент;
- социалдык иштерде изилдөөнүн усулдары;
- маданий эс алуу ишмердүүлүгүн уюштуруу;
- социалдык герантология;
- социалдык иштердеги Арт-терапия;
- социалдык саясат таануу;
- социалдык иштердеги квалитология;
- социалдык реабилитация;
- социалдык иштердеги дефетология
- социалдык мекемелердеги иш кагаздарды жөнгө салуу;
- социалдык иштердин деонтологиясы ж.б.
Кафедранын окутуучулары аудитордук сабактар учурунда жаңы маалымат технологияларын жигердүү колдонушат. Студенттер ОшМПУнун электрондук китепканасын, түрдүү интернет-ресурстарды жана эл аралык маалыматтык мейкиндикти кеңири колдонуу мүмкүнчүлүктөргө ээ. Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы өзүнүн илимий-изилдөөчүлүк жана инновациялык ишмердүүлүктөрүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн жаңы билим берүү технологияларын колдонуп келе жатат.
Студенттерге билим берүү окутуунун төмөнкүдөй ыкмалары жана формалары аркылуу жүргүзүлөт: кичи топтор менен иштөө, баскет ыкмасы, кейс-стади ыкмасы, пресс-конференциялар, симпозиумдар, негизги булактар менен иштөө, бизнес жана ролдук оюндар ж.б. Кафедранын окутуучулары илимий изилдөө иштерин жүргүзүү менен түрдүү эл аралык жана аймактык илимий конференцияларга, конгресстерге, симпозиумдарга, тегерек столдорго жана семинарларга катышат. Изилдөөлөрдүн жыйынтыктары Кыргыз Республикасында, Россия Федерациясында жана башка чет өлкөлөрдө рецензияга ээ болгон түрдүү илимий журналдарда жарык көрөт.
Биздин студенттер жыл сайын жогорку кесиптик билим берүү окуу жайлары арасындагы аймактык олимпиадаларга жана сынактарга катышат. Акыркы үч жыл ичинде “Социалдык иш” адистигинде билим алып жаткан студенттер бул мелдештерде 1- орунду ээлеп келишти. Ошондой эле, биздин студенттер башка коомдук өнүккөн өлкөлөрдө эл аралык практика өтөп, тажрыйба топтоп жатышат (мисалы, Санкт-Петербург , Кемерово).
Кафедранын илимий ишмердүүлүктөрүнүн багыттары:
- кыргызстандагы балдар арасындагы кароосуздук жана көзөмөлсүздүк;
- калктын социалдык аялуу катмарларынын көйгөйлөрү;
- социалдык оорулар ж. б.
Кафедрада адистикти тейлеген профессордук-окутуучулук курам түрдүү бейөкмөт уюмдары менен биргеликте аймактык социалдык долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышат. Кафедра ошондой эле, КМШ жана чет өлкөлөрдүн алдыңкы жогорку окуу жайлары менен кызматташат: СПбГУ, СПбГИПиСР (Россия Федерациясы), КГНУ (Бишкек), ОшГУ, ОшТУ, ЖАГУ ж.б
Бүгүнкү күндө «Социалдык иштер жана коомдук илимдер» кафедрасын тарых илимдер кандидаты Айтиева Гүлбурак Аскарбековна жетектеп келет.