Англис тили жана аны окутуунун усулу кафедрасы боюнча маалымат

Англис тили жана аны окутуунун усулу кафедрасы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин түзүмдүк бөлүмү катары “Англис тили” адистерин  чыгаруучу базалык кафедра болуп саналат.  Бул багыттагы адистерди даярдоочу система өзүнө билим берүү, илимий  таанып-билүү жана студенттердин практикалык ишмердүүлүгүн уюштуруу иштерин камтыйт.

Англис тили жана аны окутуунун усулу кафедрасы  2000- жылы Ректордун буйругу менен “Дүйнөлүк тилдер” кафедрасы деп ачылып,  азыркы күнгө чейин кафедра катары өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Атап айтсак, 1999-жылы англис тили адистиги боюнча алгачкы студенттерди кабыл алган. 2002-жылы   аталган адистиктин студенттерине өзүнчө билим берүү максатында Окумуштуулар кеңешинин чечими менен "Дүйнөлүк тилдер" кафедрасынан бөлүнүп, “Англис тили жана аны окутуунун усулу” кафедрасы деп аталган. Негизделгенден бери кафедра башчылары катары филология илимдеринин кандидаты, доцент Салижанов С.А., (1999-2001), Кеденова Г., (2001-2002), Насырова М., (2002-2003), Абдурахманова С.О., (2003-2005), Франк С.А. (2005-2006)., ага окутуучу К.Ф.Калилова буйрук №7 119.15 1-сентябрь (2005-2017-жж), ага окутуучу Э.А.Рахманова буйрук №07-01.91 §3 28-апрель. (2017-2018)., ф.и.к., доцент А.Ж.Шамурзаев 2019-жылдын 29-октябры буйрук № 07-01.12 §1., улук окутуучу Э.А. Рахманова буйрук №07-09.40§4, 29.01.2024), кафедра башчысынын милдетин аткаруучу, М.А. Осмонова буйрук №07-01. 07§1, 10.09.2024 кафедра башчысынын милдетин аткаруучу болуп иштешти. Учурда кафедра башчысы болуп филология илимдеринин кандидаты   Н.М. Кидиралиева буйрук №07-01. 33§2, 27.10.2024 иштөөдө.

Англис тили жана аны окутуунун усулу кафедрасы  550300 – “Филологиялык билим берүү” багытындагы англис тили адистигинин билим берүү программасы боюнча бүтүрүүчүлөрдү даярдоо менен бирге эле бүтүрүүчү кафедра болуп эсептелет жана 18 окутуучу эмгектенет. Материалдык-техникалык базасы учурдун талаптарына жооп берип, окуутуунун заманбап технологиялары менен жабдылган. Окутуу жогорку деңгээлде уюштурулуп, интерактивдүү усулдар менен жүргүзүлүп, ачык сабактар, мугалимдердин өз ара сабакка катышуусу жакшы жолго коюлган.

 

Кафедранын негизги максаты:

  • кафедралык дисциплиналар боюнча окуу-усулдук жана илимий-изилдөөчүлүк иштерди  

     тиешелүү деңгээлде уюштуруу;

  • студенттерге тарбия берүү иштерин жакшыртуу жана алардын жөндөмдүүлүктөрүн  

     кеңейтүү;

  • илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу;
  • студенттердин илимий-практикалык ишмердүүлүктөрүн уюштуруу;
  • жогорку деңгээлдеги адистерге талап кылынуучу кесиптик билим берүүнү камсыз кылуу;
  • студенттердин тандоосун бекемдөө жана алардын инсандык-интеллектуалдык, нравалык таламдарын канаатандыруу;
  • кафедранын профилдик илимий-изилдөө  иштерин  жакшыртуу ж.б.  Англис тили жана аны окутуунун усулу  550300 - Филологиялык билим берүү  бакалавр жана магистр квалификациясын  даярдайт.

 

Кафедранын илимий ишмердүүлүктөрүнүн багыттары:

  • изилдөө ишинин планын түзүү жана оңдоп түзөө;
  • жыйналган маалыматтарды талдоо жана интерпретациялоо;
  • илимий-изилдөө ишмердигин жүргүзүү;
  • табигый процесстер жана көрүнүштөр жөнүндө ата мекендик жана чет элдик статистиканын маалыматтарын талдоо жана интерпретациялоо жана алардагы көрсөткүчтөрдөгү өзгөрүүлөрдү аныктоо;
  • “Англис тили” профилиндеги  дисциплиналарды жалпы орто билим берүүчү мектептерде, кесиптик билим берүүчү

     мекемелеринде, колледждерде инновациялык  технологияларды колдонуу менен окутуп,  педагогикалык  ишмердикти жүргүзүү.

         Кафедрада адистикти тейлеген профессордук-окутуучулук курам түрдүү шаардык жана райондук мектептер менен иш алып барышат.

Кафедра ошондой эле, КМШ жана чет өлкөлөрдүн жогорку окуу жайлары менен кызматташат: Самарканд мамлекеттик чет тилдер институту, Фергана мамлекеттик университети, Кыргызстан ичиндеги окуу жайлар: И.Арабаев атындагы КМУ, БГУ, ОшМУ, ОшТУ, ЖАМУ ж.б.

Кафедранын окутуучулары практикалык, лекциялык  сабак  учурунда  жаңы  маалымат технологияларын жигердүү колдонушат. Студенттер ОшМПУнун электрондук китепканасын, түрдүү интернет-ресурстарын жана эл аралык маалыматтык мейкиндикти   кеңири колдонуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ.

Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы өзүнүн илимий-изилдөөчүлүк жана инновациялык ишмердүүлүктөрүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн жаңы билим берүү технологияларын колдонуп келе жатат.

Студенттерге билим берүү окутуунун төмөнкүдөй ыкмалары жана формалары аркылуу жүргүзүлөт: кичи топтор менен иштөө, пресс-конференциялар, симпозиумдар, негизги булактар менен иштөө, ролдук оюндар ж.б.

Кафедранын окутуучулары илимий изилдөө иштерин жүргүзүү менен түрдүү эл аралык жана аймактык илимий конференцияларга, симпозиумдарга, тегерек столдорго жана семинарларга катышат. Изилдөөлөрдүн жыйынтыктары Кыргыз Республикасында, Россия Федерациясында жана башка чет өлкөлөрдө рецензияга ээ болгон  түрдүү илимий журналдарда жарык көрөт.

Биздин студенттер жыл сайын жогорку кесиптик билим берүү окуу жайлары арасындагы аймактык олимпиадаларга жана сынактарга катышат. Акыркы үч жыл ичинде  “Англис тили” адистигинде билим алып жаткан студенттер бул мелдештерде 1-3- орунду  ээлеп келишти.

 

Бүгүнкү күндө «Англис тили жана аны окутуунун усулу» кафедрасын филология илимдеринин кандидаты Киди ралиева Нургуль Мэлисовна жетектейт.

 

Профессордук-окутуучулук курам

№

      Аты-жөнү

Ээлеген кызматы

Илимий кызматы

Илимий даражасы

Кандидаттык илимий темасы

 

Шифр аталышы

 

Багыты

 

Коргогон жылы

 

Жетекчисинин аты-жөнү, илимий даражасы

 
 

1

Кидиралиева Нургуль

Мэлисовна

Окутуучу

 

Ф.и.к.

ИКД

№003640

Отражение национальной картины мира в произведениях Ч.Айтматова посредством билингвизма

10.01.01

Кыргызская литература

2024-жыл

24-декабрь

Ф.и.д., профессор

Кубатова В.С.

 

2

Шамурзаев Абабакир Жолборсович

Окутуучу

 

Ф.и.к.

Ик №000854

Сопоставительное исследование английских и кыргызских местоимений

10.02.20

Сравнительно-историческое, типологическое и сопоставительное языкознание

2000-жыл

24-октябрь

Ф.и.д., профессор

Бекбалаев А.А.

 

3

Белекова Карамат

Каратайевна

Көмөкчү окутуучу

Доцент

Фил.и.к.

Онтология языка в условиях глобализации

09.00.11

Социальная философия

2013-жыл

08-май

Фил.и.д., профессор

Жумагулов М.Ж.

 

4

Сайидырахимова

Дильфуза

Сайидмахамаджановна

Көмөкчү окутуучу

Доцент

Ф.и.д

№002789

Наречие в узбекском и таджикском языках

10.02.06

Филологическое направление, типологическое и сопоставительное языкознание

2007-жыл

23-май

Ф.и.д., профессор

Абдувалиев Б.

 

5

Калилова Карамат

Файзуллаевна

улук окутуучу

 

 

 

 

 

 

 

 

6

Осмонова Махабат

Азимбаевна

окутуучу

 

 

 

 

 

 

 

 

7

Рахманова  Элиза

Акбаровна

окутуучу

 

 

 

 

 

 

 

 

8

Авазова Гүлзадахон

Рахмановна

окутуучу

 

 

 

 

 

 

 

 

9

Акылбекова Гүлнара

Шадымановна

улук окутуучу

 

 

 

 

 

 

 

 

10

Абдыразакова

Мира Орозмаматовна

окутуучу

 

 

 

 

 

 

 

 

11

Бекмуратова Наргул

Илиязовна

улук окутуучу

 

 

 

 

 

 

 

 

12

Джунусова Миргул

Сабыралиевна

окутуучу

 

 

 

 

 

 

 

 

13

Сартбаева Нурзат

Жылышбековна

улук окутуучу

 

 

 

 

 

 

 

 

14

Абылкасымова Айнура

Мурзабековна

улук окутуучу

 

 

 

 

 

 

 

 

15

Токтосунова

Гүлчехра

Раимбердиевна

улук окутуучу

 

 

 

 

 

 

 

 

16

Алимова Гүлбара

Ырысбаевна

окутуучу

 

 

 

 

 

 

 

 

17

Колдошева Айнуска Абдуманаповна

окутуучу

 

 

 

 

 

 

 

 

18

Тешебай кызы Беназир

лаборант

 

 

 

 

 

 

 

 

Кафедранын жетишкендиктери

Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы тарабынан 100дөн ашуун илимий макалалар жарык көргөн. Англис тили жана аны окутуунун усулу кафедрасынын окутуучуларынын билим берүү тармагында кызматы жана жетишкендиктери үчүн мамлекеттик сыйлыктар берилген:

- КР ББИМнин Ардак грамотасы 4 окутуучуга;

- КРнын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин

  Ыраазычылык  каты 2 окутуучуга;

- КР Билим берүү мыктысы 2 окутуучуга;

- Ош шаардык мэриясынын Ардак грамотасы 6 окутуучуга ыйгарылган;

- Ош шаардык кеңешинин Ардак грамотасы 3 окутуучуга ыйгарылган;

- КР Өкмөтүнүн Ош областындагы ыйгарым өкүлчүлүгүнүн Ардак грамотасы 4 окутуучуга;

- Борбордук комитеттин профсоюзунун төш белгиси 1 окутуучуга;

- Облустук профсоюзунун Ардак грамотасы 4 окутуучуга;

- ОшМПУнун Ардак грамотасы 15 окутуучуга