Кафедранын тарыхы
2021-жылдын 25-январында № 07-01.27 §2 буйругу менен Окумуштуулар кеңешинин № 3 протоколунун негизинде Музыкалык – педагогикалык факультетинин кафедраларын оптималдаштыруу жөнүндөгү маселеге ылайык аталган кафедра төмөнкүдөй тартипте түзүлгөн. “Педагогика жана жекече усулдар” кафедрасынан бөлүнүп, «Башталгыч, мектепке чейинки билим берүүнүн теориясы жана усулу» кафедрасы деп аталды.
ОГПИнин 2021-жылдын 1-мартындагы Окумуштуулар кеңешинин № 4 протоколунун чечимине ылайык конкурстук шайлоонун №07-01. 34 § 4 буйругу менен п.и.к., доцент Касымбеков Эркин Аскарбекович кафедра башчысы болуп бекитилген. Бүгүнкү күндө кафедраны жетектеп келе жатат.
Кафедранын милдеттери:
· Башталгыч жана мектепке чейинки билим берүү багытында кесипкөй, чыгармачыл жана заман талабына жооп берген мугалимдерди даярдоо.
· Заманбап методикаларды, билим берүү технологияларын өздөштүргөн программаларды түзүү жана ишке ашыруу.
· Мектепке чейинки жана башталгыч билим берүү жаатында актуалдуу темалар боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана инновацияларды жайылтуу.
· Теория менен практиканы айкалыштыруу аркылуу студенттердин чыгармачылык, методикалык жана коммуникативдик жөндөмдөрүн өнүктүрүү.
· Студенттерди улуттук баалуулуктарга, кесиптик этикага, мекенчилдикке жана инсандык сапаттарга тарбиялоо.
Багыты: 550700 Педагогика
Профили: Педагогика жана башталгыч билим берүүнүн усулу.
Педагогика жана мектепке чейинки билим берүүнүн усулу.
Академиялык даражасы: Бакалавр
Багыты: 550700 Педагогика
Профили: Педагогика жана башталгыч билим берүүнүн усулу.
Педагогика жана мектепке чейинки билим берүүнүн усулу.
Академиялык даражасы: Магистр
Ар бир билим берүү программасы боюнча адистиктер даярдалууда.
Кафедра усулдук предметтерди окутуу менен жаңы технологияларды жана инновациялык окутуу ыкмаларын колдонуу менен иш жүргүзүп келүүдө.
Кафедрадагы окутуучулар “Жаш математик”, “Жаш сүрөтчү”, “ Кеп маданияты”, “Заманбап тарбиячы” аталышындагы ийримдер боюнча иш алып барышат.
Кафедрада 24 профессордук - окутуучулук курам иштейт. Алардын ичинде штатта 3 илимдин кандидаты, 3 ага окутуучу, 1 магистр, 3 окутуучу, 1 лаборант. Көмөкчү окутуучулар 3 илимдин доктору, 8 илимдин кандидаты, 2 окутуучу.
Кафедра усулдук предметтерди окутуу менен жаңы технологияларды жана инновациялык окутуу ыкмаларын колдонуу менен иш жүргүзүп келүүдө.
“Башталгыч, мектепке чейинки билим берүүнүн теориясы жана усулу” кафедрасынын профессордук - окутуучулук курамынын аты-жөнү жана алар менен байланышуу маалыматтары (телефон номерлери, e-mail).
|
№ |
Кызмат орду |
Аты-жөнү |
Телефону |
|
1. |
Кафедра башчы п.и.к., доцент |
Касымбеков Эркин Аскарбекович |
Тел.: (0778)649701 |
|
2 |
Факультеттин деканы п.и.к., доцент |
Миңбаева Кундускан Бодоновна |
Тел.: (0777)49-93-67 |
|
3 |
Кафедранын доценти п.и.к. |
Абдывасиева Зырапа |
Тел:0555615638 abdyvasievazypa@gmail.com |
|
4 |
Кафедрасынын улук окутуучусу |
Мусаканова Майрамкан |
Тел:0707177822 |
|
5 |
Кафедрасынын магистр, окутуучусу |
Тиллабаева Арзыкан Мавляновна |
Тел:0779162707 ayjamalalizhax@gmail.com |
|
6 |
Кафедрасынын улук окутуучусу |
Мадалиева Санталат Ахуновна |
тел:0778975658 Madalevasaltanat75@gmail.com |
|
7 |
Кафедрасынын улук окутуучусу |
Кожобекова Нурмира |
Тел:0779388328 Bakutbek.eigis@gmail.com |
|
8 |
Кафедрасынын улук окутуучусу |
Какиева Гулзада |
Тел:0552047570 |
|
9 |
Кафедранын окутуучусу |
Ташматова Вилюра Абдиллакимовна |
Тел: 0755040877 |
|
10 |
Кафедранын окутуучусу |
Тенишова Клара Жарашбековна |
Тел:0773302937 |
|
11 |
Кафедранын лаборанты |
Эркинбек кызы Зарина |
Тел: 0708240247 |
Кафедра тарабынан өткөрүлгөн илимий иштер
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин 100 жылдык мааракесине карата, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Зырапа Абдывасиеванын 70 жылдык юбилейине арналган “БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ТАРБИЯЛООДОГУ ЗАМАНБАП ТЕХНОЛОГИЯЛАР ЖАНА ИННОВАЦИЯЛЫК ПРОЦЕССТЕР” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чарага республиканын жана жакынкы чет өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынан көрүнүктүү окумуштуулар, практик-мугалимдер жана жаш изилдөөчүлөр катышып, билим берүү чөйрөсүндөгү жаңы ыкмалар, санариптик технологиялардын ролу, тарбиялоо процессиндеги жаңычыл мамилелер тууралуу баяндамаларды жазышты. Конференция, өз кезегинде, илим менен практиканын байланышын чыңдоого, педагогикалык тажрыйбаны байытууга жана келечектеги кызматташууларга кеңири мүмкүнчүлүк түздү.
П.и.к., доцент Абдывасиева Зырапа, улук окутуучу Мадалиева Санталат, Какиева Гулзада жана Таабалдиева Айнур эжекелер 2023-жылдын 25-апрелинде USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору тарабынан “Билим берүү тармагындагы жаңылануулар шартында болочок башталгыч класс мугалимдерин кесипке даярдоо” аталыштагы илимий-практикалык конференцияга активдүү катышып тренердик сертификаттаргаа ээ болушту.
USAIDдин “Окуу керемет” долбоорунун алкагында класттан тышкаркы иштерди уюштуруу жана өткөрүү боюнча, изидөө долбоорунан “Табышмак, макал лакаптардагы математикалык сандар” теманы Пб-1-23, Пб-1-22, Пб-2-22 тайпаларынын студенттери изилдеп материалдарды чогултуп жазышты.
Педагогика илиминин кандитаты, доцент Касымбеков Эркин Аскарбекович 19.09.2024-ж. Кыргыз билим берүү академиясына (п.и.д., профессор Добаев К.Д .70жылдык юбилей) илимий конференциясына катышып, диплом, сертификаттарга ээ болду.
Окутуучулар Зырапа Абдывасиева, Арзыкан Тиллабаева, Гулзада Какиевалар 2024-ж. 25.04. БатМУнун филиалы Кызыл - Кыя гуманитардык педагогикалык институтуна “Башталгыч класстардын математикасын окутуунун актуалдуу маселелелери” конок лекция окуп келди.
Кафедранын окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу максатында билимин өркүндөтүү менен педагогикалык чеберчилигин өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу үчүн Казань (Приволжск) Федералдык университетинин Елабуга институтуна 2022-жылдын 23-майынан 1-июнуна чейин жөнөтүлүүчү окутуучулардын негизги маалыматы.
Курстун багыты: Педагогикалык адистиктерде окуп жаткан билим алуучуларга конструкцияларды куруу, моделдештирүү жана робототехниканы колдонуу системасын кошумча адистик берүүдө колдонуу
|
№ |
ФАА |
Электрондук почтасы |
|
|
Абдывасиева Зырапа |
abdyvasievazyrapa gmail.com. |
|
|
Тиллабаева Арзыкан Мавляновна |
Tillabaevaarzykan82 gmail.com. |
|
|
Мадалиева Салтанат Ахуновна |
Saltanatmadalieva75@gmail.com |
|
|
Какиева Гүлзада Алимбековна |
Gulzadakakieva@gmai.com. |
Кафедранын илимий иштери боюнча да алгылуктуу иштер жасалууда. Атап айтсак белгилүү илимпоздорду чакыруу менен иш - чаралар өткөрүлүп, тажрыйба алышты.
1.Сакиева Саипжамал Салайдиновна п.и.д., профессор Адабий окууда тексти талдоодо колдонуучу технологиялар. 6.12.2024-ж.
2. Касымов Адылбек Акматалиевич, п.и.к., доцент КР БИМдин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун доценти, "Багыт kg" окуу борборунун аткаруучу директору. Илим алиппеси Канткенде илимдин кандидаты боло алам? 17.12.2024-ж
3. Тайиров Миталип Муратович БатМУнун Кызыл-Кыядагы гуманитардык-педагогикалык институтунун профессору, физика-математика илимдеринин доктору “Эмгек гана илимде ийгиликке жеткирет” 30.10.2024-ж
4. Акматали Алимбеков Кыргыз - Түрк “Манас” университетинин педагогика бөлүмүнүн башчысы профессор “Заманбап мугалимдин идеалы”, ошондой эле “Студенттердин өз алдынча таанып билүү ишмердүүлүгүн уюштуруудагы АЭМди колдонуунун мааниси” 30.10.2024-ж
5. Гапыр Мадаминов Педагогика илимдеринин икандидаты, профессор “ “Студенттердин өз алдынча таанып-билүү ишмердүүлүгүн уюштурууда АЭМди колдонуунун мааниси” 23.11.2024-ж.
Сартбаевдик окуулар 2024-жылы “ЗАМАНБАП БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БИЛИМ БЕРҮҮ: ТАЖРЫЙБАЛАР ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ” аталышындагы илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.
2025-жылдын февраль айында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Музыкалык-педагогикалык факультетинин деканы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Миңбаева К.Б. тарабынан уюштурулган иш сапардын алкагында факультеттин окутуучулары Андижан экономикалык жана педагогикалык университетинде болушуп, тажрыйба алмашуу иштерин жүргүзүштү. Иш-чаранын негизги максаты — эки жогорку окуу жайдын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө, билим берүү процессин өркүндөтүү жана чыгармачыл окутуучулук иштерди жандандыруу болду. Катышуучулар заманбап педагогикалык технологиялар, музыка сабагын интеграциялап окутуу ыкмалары жана студенттердин чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү боюнча өз ара ой бөлүшүп, практикалык сабактарга да катышышты.
Кафедрадагы ийримдердин уюштуруу иштери.
|
№ |
Ф.И.О |
Ийримдин аталышы |
Тайпалар |
|
1 |
Касымбеков Э, Какиева Г, Теңишова К |
“ Жаш сүрөтчү” |
П (б) – 1 - 23 |
|
2 |
Абдывасиева З, Ташматова В |
“ Жаш математик” |
П (б) - 1 - 23 |
|
3 |
Кожобекова Н, Тиллабаева А |
“ Кеп маданияты” |
П (б) – 1 – 24 П (б) – 2 – 24 П (б) – 3 – 24 |
|
4 |
Мадалиева С, Таабалдиева А. |
“Заманбап тарбиячы” |
Мч (б) – 1 - 22 |
Улук окутуучу Мусаканова Майрамкан Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата, Д. Садырбаевдин 85 жылдыгына карата ЭЛТР телевидениясында тегерек стол “Көз караш” программасында катышып өз пикирин билдирди. Мэриянын чыгаан, иш билги жаштардын ишмердүүлүгүнө карата уюштурулган иш -чараларына катышып турат. Исхак Эгемназаров, “Исхак Раззаковдун биз билбеген мыкты ишмердүүлүгү” аталышындагы китептин бет ачары Ош шаарынын мэриясында өткөрүлдү. Жаштарды адеп-ахлактуулукка тарбиялоонун жолдору”аттуу иш чара мерияда өткөрүлдү. ЖОЖдор менен мектептердин байланышын чыңдоого боюнча өткөрүлгөн иш-чараларга катыштып мыкты таасирлерди студенттерге калыптандырды.