Кафедранын тарыхы

1966-жылы педагогикалык окуу жайы кайрадан түзүлгөндөн кийин физика, математика, ИЗО жана ПУМ предметтери бириктирилип, секция катары уюшулган. Ал убакта М.А. Хуршидев, О.Х. Кудайбердиев, М.И. Лебеденко, Б. Исакова, Т.В. Маслов, А. Чолпонкулова, Ы. Сатарова жана башка мугалимдер эмгектенишкен.

Табигый илимдер секциясы химия жана биология секцияларынын негизинде түзүлгөн. Аларды алгач Сылыйка Усупова жетектеп келген.

1993-жылы педагогикалык окуу жай педагогикалык колледж болуп өзгөртүлгөндөн кийин физика, математика жана ИВТ секциялары уюшулган.
1994-жылдан баштап химия жана биология секциясын В.Н. Крапивко жетектеген.

1997-жылы жаңы адистиктердин ачылышына байланыштуу Табигый илимдер кафедрасы уюшулуп, анда 6 окутуучу жана 2 лаборант иштеген. «Жогорку математика жана математиканы окутуунун усулу» кафедрасында 3 илим кандидаты жана 8 окутуучу эмгектенишкен.

1999-жылдан баштап Табигый илимдер кафедрасын биология илимдеринин кандидаты, доцент Г.К. Омуралиева жетектеген.
2002-жылы окуу жай Ош гуманитардык-педагогикалык институт болуп өзгөртүлгөндө «Жогорку математика жана аны окутуунун усулу» кафедрасынан орто билим берүүчү «Математика, физика жана информатика» секциясы бөлүнүп чыгып, аны З.А. Абдувасиева жетектеген.

2003-жылдан баштап «Табият таануу» секциясын К.У. Нурмаматова, ал эми «Математика жана информатика» секциясын А.С. Мамарасулова жетектеп келишкен.
2006-жылдын сентябрынан баштап эки секция биригип, «Табигый илимдер» секциясы деп аталып, жетекчиси болуп К.У. Нурмаматова дайындалган.
2014-жылы Табигый илимдер секциясы кафедра макамын алган.
2019-жылы ОГПИнин Окумуштуулар кеңешинин чечими менен кафедранын аты «Дене тарбия жана табигый илимдер кафедрасы» деп өзгөртүлгөн.
Учурда кафедраны Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун мыктысы, биология окутуучусу К.У. Нурмаматова жетектейт.


Кафедранын миссиясы, максаттары жана милдеттери

  • Мамлекеттин интеллектуалдык потенциалын жогорулатууга жана адам ресурстарын өнүктүрүүгө салым кошуу;

  • Мамлекеттик стандарттарды өздөштүрүү аркылуу эл аралык билим берүү мейкиндигине интеграцияланып, билим сапатын жакшыртуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо;

  • ОГПИнин мыкты салттарын улантуу менен дүйнөлүк алдыңкы окуу жайлар жана коомдук уюмдар менен кызматташтыкты бекемдөө;

  • Гуманитардык жана табигый илимдер багытындагы изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу;

  • Жаш муундарды патриоттуулукка, гуманизмге, эл аралык достукка жана жалпы адамзаттык баалуулуктарга тарбиялоо;

  • Билим берүүдө инновациялык жана электрондук технологияларды активдүү пайдалануу;

  • Лабораторияларды заманбап программалык жана техникалык каражаттар менен камсыз кылуу;

  • Студенттерде кесиптик компетенцияларды жана практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу;

  • Окутууну өндүрүш менен байланышта жүргүзүү жана маалыматтык технологияларды терең үйрөнүүгө шарт түзүү;

  • Лекциялык, практикалык жана лабораториялык сабактарды жогорку илимий-усулдук деңгээлде өткөрүү;

  • Электрондук окуу материалдарын, колдонмолорду жана методикалык жыйнактарды түзүү жана жарыялоо;

  • Кафедранын окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу жана студенттер үчүн маданий-спорттук иш-чараларды уюштуруу.