Факультеттер аралык англис тили кафедрасы
Кафедранын тарыхы
2021-жылдын 25-январында Окумуштуулар кеңешинин №3 протоколунун негизинде Гуманитардык факультеттин кафедраларын оптималдаштыруу жөнүндө чечим кабыл алынган. Анын негизинде жаңы түзүм — «Факультеттер аралык англис тили кафедрасы» уюштурулган.
Кафедранын урааны:
«Тил үйрөнүү — дүйнөнү дагы бир башка терезе аркылуу көрүү».
Кафедранын максаты жана милдеттери
Максаты:
Адистиги англис тили болбогон студенттер үчүн чет тилин (англис тилин) сапаттуу деңгээлде окутууну камсыз кылуу.
Негизги милдеттери:
-
Окутуунун формаларын, методдорун жана мазмунун өркүндөтүү;
-
Окутуучулардын методикалык жана илимий компетенттүүлүгүн жогорулатуу;
-
Жамааттын чыгармачылык мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү;
-
Негизги билим берүү программаларын ийгиликтүү ишке ашыруунун усулдук багытын өркүндөтүү;
-
Сабактарда заманбап технологияларды жана алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды пайдалануу;
-
Ички жана эл аралык байланыштарды кеңейтүү;
-
Сабактан тышкаркы предметтик жана илимий ийримдерди уюштуруу.
Окуу процессиндеги иш-аракеттер
-
Окуу процессин Кыргыз Республикасынын билим берүү мыйзамдарынын негизинде сапаттуу уюштуруу;
-
Практикалык сабактарда заманбап маалыматтык технологияларды активдүү колдонуу;
-
Окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу жана электрондук окуу ресурстарды иштеп чыгуу;
-
Ар бир предмет боюнча англис тилинде окуу-методикалык комплекстерди (ОМК) түзүү;
-
Деканат, кураторлор жана ата-энелер менен үзгүлтүксүз байланышта иш алып баруу.
Илимий ишмердүүлүк
-
Окутуучулардын илимий потенциалын өнүктүрүү (магистратура, аспирантурага тапшыруу, илимий иштерди коргоо);
-
Кафедранын илимий багыттарын аныктоо жана жыйынтыктарды жыл сайын чыгарып туруу;
-
Илимий конференцияларга, семинарларга жана “Окуу-усулдук, илимий жана тарбиялык жумалыкка” активдүү катышуу;
-
Окутуучулардын жана студенттердин илимий эмгектерин басып чыгарууга көмөк көрсөтүү.
Тарбиялык иштер
-
Студенттерге руханий жана моралдык тарбия берүү максатында ар түрдүү иш-чараларды өткөрүү:
“Ыйман, адеп жана ахлак”, “Сылыктык жана толеранттуулук”, “Биринчи байлык – ден соолук” ж.б.; -
Коомдук-маданий жана кайрымдуулук иш-чараларга катышуу;
-
Карылар үйүнө жана балдар үйүнө жардам көрсөтүү акцияларын уюштуруу.
Кадрдык курамы жана өнүгүү багыты
-
Кафедра өз тармагын мыкты билген, чыгармачыл жана жаш адистер менен толукталууда;
-
“Насаатчы жана жаш окутуучу” принциби боюнча иш жүргүзүлөт;
-
Жамааттык рух, өз ара урмат жана колдоо атмосферасын калыптандыруу — кафедранын башкы баалуулугу.